Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасына») Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан 550,4 миллион АКШ доллар суммасындагы 60 долбоорду ишке ашыруу каралган, алардын арасында төмөнкүлөр бар:
— Алгачкы баскычында 50 миллион долларга капиталы жарыяланган Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү;
— Чүй облусунда 100 миллион доллар суммасындагы жүгөрүнү иштетүүчү ишкананы түзүү;
— Фергана областында «GeoBetonBagdad» ААК базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 миллион доллар суммасындагы долбоорду ишке ашыруу;
— 15 миллион доллар суммасындагы «Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборун куруу долбоору;
— 15 миллион доллар суммасындагы медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу жана медициналык аспаптарды өндүрүү;
— 12,5 миллион доллар суммасындагы мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргыз Республикасы аркылуу ЕАЭБ рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;
— 10 миллион доллар суммасындагы заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;
— Наркы 8 миллион доллар турган Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;
— Наркы 8 миллион доллар турган «Uni Mobile» ААК биргелешкен ишкана базасында цемент заводун куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашыруу.
Белгилей кетсек, тараптар Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча «Жол картасына» киргизилген долбоорлорду ички мамлекеттик макулдашуудан өткөрөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып, же четке кагылышы мүмкүн.