Бейшемби, 10.07.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кыргызстан менен Түркия кол койгон документтердин тизмеси

16:51 05.11.2024
0
Кыргызстан менен Түркия кол койгон документтердин тизмеси

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында медицина жана медициналык адистиктер жаатында окутуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу маселелери боюнча макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы продукциянын коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Түркия Республикасынын Казыналык жана финансы министрлигинин ортосундагы меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Түркия Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин Башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы кинологиялык иш боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркия Республикасынын президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;

— Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Финансы боюнча башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу — Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Түркиянын аманат депозиттерин камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Орто Азиялык инвестициялык Холдинг” ААКнын ортосундагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

18:01 09.07.2025
Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасынын 55 миллион долларлык байлыгы табылганын билдирди

Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасынын 55 миллион долларлык байлыгы табылганын билдирди

09:37 10.07.2025
Тоңдо көл үстүндө пирс куруп жаткан 8 жумушчуну шамал айдап кеткен (сүрөт)

Тоңдо көл үстүндө пирс куруп жаткан 8 жумушчуну шамал айдап кеткен (сүрөт)

15:47 09.07.2025
Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында чыккан өрт чектөөгө алынды

12:54 10.07.2025
Ташиев: «Бишкектен келген жетекчилерге чай куюп, мейманканасын төлөп бербегиле»

Ташиев: "Бишкектен келген жетекчилерге чай куюп, мейманканасын төлөп бербегиле"

12:35 10.07.2025
Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында өрт чыкты

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында өрт чыкты

11:56 10.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү