Abank_oct
SerepTV Logo

Маматалиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы жаңыланган жолдун ачылыш аземине катышты

Маматалиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы жаңыланган жолдун ачылыш аземине катышты
 
17-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Ростов көчөсүнүн расмий ачылыш аземине катышты. Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Максат Алымбаев, Бишкек шаарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар да болду.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн төрага борбор калаанын жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, жаңы жолдун ачылышы шаар тургундары үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Элибиз эзелтен “Жол – жашоонун күрөө тамыры” деп бекеринен айткан эмес. Анткени жол бар жерде байланыш бар, өнүгүү бар, жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат. Бүгүн биз жөн гана бир көчөнүн ачылышына эмес, борбор калаабыздын инфраструктурасын жакшыртууга, шаар тургундарынын жашоо шартын жеңилдетүүгө багытталган дагы бир маанилүү иштин жыйынтыгына күбө болуп турабыз”, – деди Марлен Маматалиев.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкөдө бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп, мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жыл сайын 1500 чакырымга жакын жол салынып, 100дөн ашуун мектеп курулууда.

“Бул көрсөткүчтөр өлкөбүздө өнүгүү иштери ырааттуу жүрүп жатканынан кабар берет. Мурда жылдап күтүлгөн ири долбоорлор бүгүн ишке ашырылып, жаңы жолдор, мектептер жана социалдык объектилер пайдаланууга берилүүдө. Эң негизгиси, мындай иштер борбор калаада гана эмес, өлкөбүздүн бардык аймактарында жүргүзүлүп, элибиздин жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө”, – деди төрага.
 
Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев аталган аймакта курулуп жаткан футбол аянтчасынан да кабар алды. Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, өзгөчө жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгилеген Марлен Маматалиев курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Сөзүнүн соңунда Жогорку Кеңештин төрагасы борбор калаанын мындан ары да көрктөнүп-өнүгүшүнө тилектештигин билдирип, өлкө аймагында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу иштери улана берерин кошумчалады.
SEREP MEDIA