Вице-премьер Максат Мамытканов 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого карата даярдыктар боюнча Баткен облусуна иш сапары менен барып, облус активи менен жолукту.
Ал билдиргендей, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгында Форма №2 колдонулушу элдин нааразычылыгынын себептеринин бири болгон. Вице-премьер алдыдагы шайлоодо Форма №2 колдонулбай турганын айтып, ошондуктан эл арасында өзүн өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.
Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217ни түздү, ал эми шайлоочулардын жалпы саны 300 миңге жакын жаранды түзүүдө.