Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун бүгүн, 6-декабрда Москвага болгон иш сапары башталып, ал 2 күнгө созулат.
Сапардын алкагында Мамытов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында эки өлкөнүн алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Төрага баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.