Казакстан тараптын демилгеси менен 15-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Жолугушууда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын жана Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү сөз болду. Биргелешкен пландарды жана долбоорлорду, анын ичинде айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарда биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү, ошондой эле жүктөрдү транзиттик өткөрүү маселелерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Руслан Казакбаев Кыргыз жарандары үчүн Казакстандын чек арасы жабылгандыгына байланыштуу көйгөйгө токтолуп, кайрадан Кыргыз жарандарына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын тоскоолдуксуз жер үстүндөгү унаа өткөрүү пункттары аркылуу өтүүнү калыбына келтирүү маселесин тездетүүнү өтүндү.
Кыргыз жарандары үчүн кыргыз-казак чек ара бекеттеринен өтүү 2020-жылдын март айынан бери жабык турат. Азыркы тапта Кыргыз жарандарына Казакстанга авиа каттам менен гана барууга болот. Ошол эле учурда Казак жарандары үчүн кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө эч кандай тоскоолдук жок.