Бүгүн, 5-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев үй камагына чыкты.
Буга чейин мурдагы президент да, жактоочу да Канат Сагымбаевдин үй камагына чыгарылышы керектигин айтып жатышкан.
Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, кийин октябрь айындагы окуяларда чыгарылып, кайра 9-октябрда болуп өткөн «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айланган митингден кийин кармалган эле.