“Азыркы тапта Кыргызстандын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу жаатында көп иштер жасалууда. Андыктан аталган программанын алкагында да БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташууга кызыкдарбыз. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды жайылтуу жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу жаатында да биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууну көздөйбүз”, – деди Шакиев. Мындан тышкары, 2022-жылдын 14-декабрында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы жарыяланганын айткан төрага “Кыргызстан тарап бул беш жылдык пландын алкагында тиешелүү жол картасынын долбоорун иштеп чыкты. Андыктан аны ишке ашыруу боюнча да тыгыз иш алып баруу башкы максатыбыз” деп кошумчалады.
Сөзүнүн аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Луиз Чемберлендин ишине жогору баасын берип, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү катары жигердүү эмгектенгенин белгилөө менен Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Ал эми Луиз Чемберлен Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы тарабынан аткарылган иштерге кеңири токтолуп, Туруктуу өкүл катары иштеген мезгил аралыгында көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. “Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Жогорку Кеңештин ролу чоң. Андыктан калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүп, бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүнү улантабыз. Айрыкча, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында тыгыз иш алып баруубуз кажет”, – деген ал экология, жашыл экономика, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор тууралуу сөз кылды.