Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти

Кечээ, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандагы иш сапарын аяктап, Кытайга расмий сапар менен жөнөп кетти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (Парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.