Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Мажарстанга расмий иш сапар: Шакиев президенттин милдетин аткаруучу Кёвер менен жолугушту

20:31 12.02.2024
7
Мажарстанга расмий иш сапар: Шакиев президенттин милдетин аткаруучу Кёвер менен жолугушту

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстандагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Мажарстан Кыргызстандын Европа биримдигиндеги негизги стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп: «Акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп, Кыргыз-мажар өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Биз боордош мажар эли менен калыптанган эки тараптуу алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, соода байланышын күчтөндүрүшүбүз керек. Айрыкча, гидроэнергетика, жашыл экономика, туризм өңдүү тармактарда инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруубуз кажет. Бул жаатта Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң», — деди.

Муну менен катар Кыргызстандагы акыркы реформалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев чет элдик инвесторлор үчүн керектүү шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын салымы зор экенине токтолгон төрага депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Жолугушууда билим берүү багытындагы байланыштар тууралуу да сөз болуп, Мажарстандагы жогорку окуу жайларда билим алууну каалаган кыргызстандык студенттер үчүн жыл сайын 200 орун бөлүнүп жатканы айтылды. «Университетти бүтүргөн жаштарыбыз эки элге данакер болуп, кыргыз-мажар кызматташтыгын бийик деңгээлге көтөрөт деген үмүттөмүн», — деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Улуттук Ассамблеянын төрагасы жана президентинин милдетин аткаруучу Ласло Кёвер Мажарстан буга чейин батышка багытталган саясатты жүргүзүп келген болсо, акыркы жылдары чыгыштагы боордош мамлекеттерге багытталган саясатка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. «Чыгышка карай бет буруу» аталышындагы бул саясатыбыздын алкагында Кыргызстан менен жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз. Айрыкча соода байланышын өнүктүрүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз. Биз Кыргызстан үчүн Европага ачылган терезе болуп берүүгө даярбыз», — деди Ласло Кёвер.

Муну менен катар жолугушууда маданий алакалар тууралуу да айтылып, Ласло Кёвер кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мажар эли өтө баалай тургандыгын кошумчалады. Ал эми Нурланбек Шакиев мажар акыны Шандор Петёфинин чыгармалары кыргыз тилине которулуп жатканын белгиледи. Ошондой эле кыргыздар тууралуу изилдөө жүргүзгөн белгилүү мажар окумуштуусу Коңур Мандокинин эмгектери жөнүндө да сөз болду. Андан тышкары, Мажарстанда ар эки жылда бир ири Курултайлар өтүп турарын айткан Ласло Кёвер быйыл августта боло турган Курултайга кыргыз делегациясын да күтөрүн билдирди.

Баарлашуу маалында ТүркПА өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды.

 

 

1 / 17
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:38 17.04.2026
0

Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Кыргызстан менен Өзбекстандын эли акыркы жылдары бири-бирине турист катары абдан көп каттап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:11 17.04.2026
0

Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...

Комментарийлер 7

  1. Батаканова Светлана Топчиевна - К.И.Скрябин атындагы КУАУнун проректору says:
    2 года ago

    КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин Мажарстанга жасаган расмий сапары жемиштүү болуптур, Себеби, эки өлкөнүн саясий- экономикалык, маданий- гуманитардык кызматташуусун жогорулатуу, айрыкча жогорку окуу жайларына Кыргызстандык 200 студентке квота берилгендиги эң жакшы болгон. Эми биздин студенттер Мажарстанга барып, билим алууга жол ачылды! Ийгиликтер коштоло берсин!

    Ответить
    • Чынгыз says:
      2 года ago

      Эки олконун ортосундагы жемиштуу жолугушуулардын бири болуптур. Тышкы саясатта олкобуздун туруктуу позициясын бекемдеп, саясий -экономикалык жактан пайдалуу иштерди аткарып журо бериниз!

      Ответить
    • Сезим says:
      2 года ago

      👍👍👍

      Ответить
  2. Майрамбек Исакеев says:
    2 года ago

    Төрага ички саясатта эле эмес тышкы саясатты дагы мыкты алып барууда

    Ответить
  3. Иргашев Алмазбек says:
    2 года ago

    Келечекте КР Жогорку Кенешинин Торагасы Н. Т. Шакиевдин Мажарстанга болгон расмий жемиштуу иш сапары Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кучотот.
    Эки олконун ортосундагы кызматташтыкты колдойбуз жана ийгиликтерди каалайбыз!

    Ответить
  4. Гулзат Садырова says:
    2 года ago

    Кыргыз Республикасы менен Мажарстантын ортосундагы байланыштар жана кызматташтык өз ара кызыкчылыктардын негизинде кеңири өнүгүүсүндө дагы бир кадам болуптур. Жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм!

    Ответить
  5. Байас says:
    2 года ago

    Ийгиликтериниз кут болсун урматтуу Нурлан мырза! Сиздин ийгиликтериниз ал — бир гана Кыргыз парламентинин эмес, жалпы Кыргыз мамлекетинин да эл аралык аброюнун денгээли жогорулап баратканын корсотот. Кудай колдосун ишинерди! Кыргызга ак кызмат кыла бергиле!

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

1
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: "Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу"

11:10 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү