Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстандагы расмий иш сапары Ташкент шаарындагы «Эгемендүүлүк» монументине гүлчамбар коюу менен башталды. Тынчтыкты, бакубатчылыкты жана эркиндикти даңазалаган “Эгемендүүлүк” монументи “Жаңы Өзбекстан” паркында жайгашкан.
Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстандагы расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.
Төраганын иштерине ийгилик каалайбыз
Төрага Нурланбек Шакиев эки элдин ортосундагы маселелерди натыйжалуу чечээрине ишенебиз. Иштерине ийгиликтерди каалайбыз.
Төрагабыз коңшу өлкөлөр менен алака тузуп ынтымакты күчөтүү саясаты биздин өлкөбуздүн экономикасына чоң салым болмокчу. Бул жакшы жышаан улана берсин!
Ак калпак кандай жакшы корунот. Ишинизге ийгилик.
Кыргыз эли учун талыкпай иштей бериниз! Ден соолукта болунуз!
Жогорку Кеңештин төрагасына, делегацияга иштерине ийгилик каалайбыз!