Өкмөт өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлдү
Министрлер кабинетинен азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу бир катар иш-чаралар жасалып жатканын билдиришти. Ага ылайык, баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн өсүмдүк майын жана кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.
Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүк кескин кымбаттай баштады. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин баалардын көтөрүлүшүнө, каатчылыкка каршы иш-чаралары тууралуу маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду айыптап, аны кызматтан кетирүүнү талап" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/erke-balabyz-kaida-jyrso-kelip-otchet-bersin-parlament-ulukbek-maripovgo-ishenim-korsotpoo-maselesin-kotordy/">талап кылышкан эле.