Шейшемби, 11.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Өлкө башчысы: «Абсамат Масалиев ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган адам болгон»

15:40 07.11.2023
0
Өлкө башчысы: «Абсамат Масалиев ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган адам болгон»
“Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат”, — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарада сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:
“Абсамат Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өттү. Бир чети замандаш, бир чети кесиптеш болуп, партиялык кызмат чөйрөсүндө чогуу иштегендер аны тоо-кен өнөр жай тармагынын бирден-бир мыкты адиси, катаал жолдо такшалган партиялык жетекчи, караламан калктын калың катмарына жакын адам, ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган чынчыл атуул болгонун баса айтуу менен, абдан урматтап эскерип келишет. Алардын айрымдары мына бүгүн арабызда отурасыздар.

Абсамат Масалиевдин Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары, КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Жогорку Советтин Төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болуп турган учурун көбүңүздөр жакшы билесиздер, өтө татаал, өтө катаал эки доордун тогошуп жаткан кези болчу. Мына ушундай ары кооптуу, ары жооптуу кырдаалда да Абсамат Масалиев салабатынан жазбай, саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билген. Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып, менчиктештирүү башталганда ошол жерде эл кызыкчылыгын эске алууга катуу үндөгөн, “калпыстык болуп кетпесин, байлык тең бөлүнсүн, бай-кедей болуп бөлүнүүгө жол бербейли” деген философияны бекем карманган. Ал эми парламентарий катары өзүн көрсөтүп, кен байлыктарды таратууда болобу, менчиктештирүүдө болобу, кандай гана олуттуу маселеде болбосун, жалпы кыргыз калкынын калың катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керек деп ураан чакырып турган.

Баса белгилеп айта кетүүчү сөз, Абсамат Масалиевдин тушунда 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары атайын мыйзамдын кабыл алынышы тарыхый мааниси бар окуя болгондугун эч ким тана албайт. Мына ошол Жогорку Советтин жыйынындагы тарыхый окуяда Абсамат ага “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга бардык негиз бар экенин айтып, кыргыз тилинин кабыл алынышы менен эл чарбасы бир топ жакшы адистерден кол жууйт дегендей болбогон шылтоолорду четке каккандыгы азыр да жалпы журтка кеңири маалым. Ал эми Жогорку Советтин Төрагасы болуп иштеп турган маалда өз тагдырын эл тагдыры менен өзөктөш караган кыргыз парламентинин тарыхындагы эң жаркын атуулдардын башында турган. Ошол сыноого салган мезгилдер аны чындап чыйралтып, качан, кайда, кандай кызматтарда турбасын, жан дилин төшөп иштей турган чыныгы мамлекеттик кызматкер болгонун аны тааныгандардын баары айтып, эскерип келишет.

Абсамат Масалиев, айрыкча, Исхак Раззаковду пир тутар эле дейт анын санаалаштары. Раззаковдун терең ойчул, жетик жетекчи, таасын айтып так жүргөн кыраакы саясатчы экенин, кыскасы анын уңгулуу касиеттерин урматтоо менен уулуна Исхак деген ысымды ыйгарган экен. Ага болгон күчтүү сый-урматы менен Абсамат аке өмүрүнүн аягына чейин Исхак Раззаков атындагы фондду жетектеп турган. Ал Кыргызстандын өнүгүп-өсүп кетишине бараандуу салым кошо алды. Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгон. Курулуш тармагы жанданган, натыйжада көптөгөн мектептер жана башка социалдык объекттер курулган. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу курула баштаган”.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

13:05 11.11.2025
Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

12:24 11.11.2025
Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

12:31 11.11.2025
Сак болуңуз! Сезондук оорулар күчөп жатат.

Сак болуңуз! Сезондук оорулар күчөп жатат.

16:53 11.11.2025
Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

13:05 11.11.2025
Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

12:31 11.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү