"Туура эмес". Садыр Жапаров "Нью-Йорк Таймс" басылмасына жарыяланган макала боюнча пикирин билдирди
Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Ал The New York Times Кыргызстандын экономикасынын өсүшү боюнча жазып, буга Кытай менен Европадан Россияга товар жөнөткөнү себеп болгонун айтты.
“The New York Times бул жерден туура эмес айткан. Биз Россияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан дагы реэкспорт кылабыз, бирок алар согуш товарлары эмес. Санкцияга кирген бир дагы товарды документ түрүндө же иш жүзүндө РФке жиберген жокпуз. Биз дагы санкцияны, БУУнун мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз”, — деди өлкө башчысы.
Садыр Жапаров мыйзамдуулукту чыңдоо, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине бөгөт коюу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кеңири токтолду. Мамлекет башчысы өткөн он жылдыктарда уюшкан кылмыштуулуктун таасири бизнес үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратып, экономиканын толук кандуу өнүгүшүнө тоскоол болгонун айтты. Ал 2020-жылдан тартып Кыргызстанда кылмыштуу түзүмдөрдүн таасирин жоюу жана мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча ырааттуу чаралар көрүлүп жатканын, бул өз кезегинде менчикти, ишкердикти жана инвестицияларды коргоо үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзгөнүн баса белгиледи.
Президент коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калганына токтолду. Ал бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкын жана бирдей эрежелерин калыптандыруу мындан аркы экономикалык өсүш үчүн маанилүү негиз болуп саналарын айтып, өлкөдө жаңы долбоорлорду ишке ашырууга америкалык инвестицияларды мындан ары тартууга Кыргызстан кызыкдар экенин билдирди. Мамлекет башчысы кызматташтыктын келечектүү багыттары катары тоо-кен өнөр жайын, текстиль өндүрүшүн, курулушту жана экономиканын башка тармактарын атады.