«Эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт. Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, соцтармактарга таратышууда. Чындыгында биз — маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, соцтармактагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар. Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет», — деп жазылат президенттин маалымат кызматынын башчысынын билдирүүсүндө.
Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»
"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...











