Өлкөдөн чыгып кеткенин айткан жарандык активист Тилекмат Куренов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.
Ал буга чейинки кайрылуусунда бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында улуттук улуу жыйын болорун айткан. Бул боюнча сураганыбызда «Эл чогулса чыгам, кайдыгер болсо, чыкпайм» деп жооп берди.