Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду айрым артыкчылыктарынан ажыратуу сунушталууда. Тагыраагы депутат Жеңиш Токторбаевдин демилгеси менен «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга багытталган.
Документте төмөндөгүдөй артыкчылыктардан ажыратуу сунушталууда:
▪️ Жаңы президент ишке киришкенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны пайдаланууну токтотуусу;
▪️ Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылуусу;
▪️ Өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болуусу алынып, жан сакчыларды өз эсебинен каржылоосу;
▪️ Экс-президентти, жубайын жана жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө алып салынуусу;
▪️ Мамлекетке караштуу телефон, интернетти акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрдү өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылуусу;
▪️ Пенсия жана маянасы өзгөртүүсүз калган. Анын өлчөмү президенттин айлыгынын 75 пайызына барабар.
Экс-президент макамына Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков ээ. Буга чейин Жеңиш Токторбаев экс-президенттерге берилген мамлекеттик күзөттү алып салуу керектигин көтөрүп чыккан болчу.
Укук коргоочулардын да олчойгон пенсияларын да 25000ден ашырбоо керек!