«Парламент тим эле «монстр» болуп алган». Садыр Жапаров Жылдызкан Жолдошовага жооп кайтарды

«Парламент тим эле «монстр» болуп алган». Президент Садыр Жапаров экс-депутат Жылдызкан Жолдошовага бүгүн, 26-ноябрда Элдик курултайда жооп кайтарды.

«Ал президенттик башкаруу болбойт экен, парламенттик башкарууга өтүш керек деди. Аны да көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. 2010-жылдан 2020-жылга чейин үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө бийлик, тим эле «монстр» болуп алды. Анан өкмөт, анан президент… Эч бир маселе чечпейт, бири-бирине түртүп коюп, үч жылда кабыл алынбаган кагаздар бар экенин көрдүм», — деди ал.