Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Харбинде Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров эки тараптуу саясий диалог менен катар Борбор Азия жана АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосунда аймактар аралык кызматташтык түзүлөт деген ишенимин билдирди. Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн мүмкүн болгон багыттары катары энергетика, IT-сектору, чийки затты кайра иштетүү, ошондой эле адал-индустрияны өнүктүрүүнү белгиледи. Ал Кыргызстан адал-продукцияны сертификациялоонун эл аралык стандарттарын түзүүгө умтулуп жатканын баса белгилеп, бул тармакта олуттуу экспертизага ээ болгон Бруней менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде султан Хассанал Болкиах экономикалык кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин, ошондой эле туризм жана билим берүү тармагындагы долбоорлор жаатында өз ара аракеттенүүнүн келечегин айтып өттү. Султан Хассанал Болкиах президент Садыр Жапаровду расмий сапар менен Бруней-Даруссаламга келип кетүүгө чакырды.