Жума, 12.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Садыр Жапаровдун 24-Марттагы Элдик революция күнүнө карата кайрылуусу

12:21 24.03.2024
0
Президент Садыр Жапаровдун 24-Марттагы Элдик революция күнүнө карата кайрылуусу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Соңку тарыхыбызда коррупцияга чырмалышып калган авторитардык бийликке каршы күрөш кечээ жакында белгиленген Аксы окуясынан башталып, мына бүгүн эскерилип жаткан 24-марттагы Элдик революция, 7-Апрель окуялары менен уланып, акыры Октябрь окуясына алып келгендиги баарыбызга маалым.

Кыргыз эли — эзелтен сабырдуу эл, айкөл эл. Баарына чыдамы жетер, бирок адилетсиздик менен эгерим элдешпеген, сабыры түгөнүп жаалданып алса, эч бир күч токтото албаган өжөр эл. Мына ошол 2005-жылдын 24-мартына чейин эле коррупцияга белчесинен баткан, үй-бүлөлүк башкаруусун билмексен болгон текебер бийликке эскертүү берип, сес көрсөтүп, акыры элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондордун эсебин колуна берип, тарыхый бурулуш жасаган. Ошентип, кыргызстандыктар эгемен мамлекетте эркин жашоо чыныгы бакыт экенин, адилет башкаруу, биримдик өкүм сүргөн жерде өнүгүү болорун, калыстыкты туу туткан эл экенин дүйнө жүзүнө жар салган. Мамлекеттүүлүккө таасири зор мындай өзгөчө окуя, урунттуу учурлар баарыбызга сабак болушу керек! Баш мыйзамыбызда бадырая белгиленип жазылган бийликтин чыныгы ээси эл экенин эч качан унутпашыбыз зарыл. Эл жөндөн жөн эле толкубастыгын, негизи жок эле козголбой турганын жадыбыздан чыгарбашыбыз кажет. Кокус мунун баарын көз жаздымда калтырып, кайдыгер мамиле кылсак, бийликтин ээси болгон элибиз дагы, калыбынан жазбаган карт тарых дагы кечирбейт!

Кут-берекеси төгүлгөн жерибиз, каада-салты, нарк-насили менен жашап, ток пейил тарткан калкыбыз бар. Мына ушундай касиеттүү жерде ырыс-кешиктүү элибиздин үмүт-тилегин актоону башкы милдетибиз, калк кызыкчылыгына багытталган реформаларды ишке ашыруунун башкы максатыбыз деп билебиз.

Эгемен Кыргызстаныбызга адилеттүү башкаруу жана ынтымак керек. Ошондо өнүгүү болот, ошондо өсүү болот. Журтубуздун биримдиги арта берсин, эл кызматындагылар элдин үмүт-тилеги менен максат-мүдөөсүнө жетүүсүн камсыз кылалы. Эгемен Кыргызстан үчүн баарыбыз жоопкерчиликти сезе билели. Өлкөбүздө тынчтык болсун!”.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:19 11.12.2025
0

Жогорку Кеңешке жаңы келген депутаттар манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Аталган жаңы норма 2026-жылдын январынан тартып күчүнө кирет. Регламент...

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:37 09.12.2025
0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага...

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:00 04.12.2025
1

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
18:12 03.12.2025
1

БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү...

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:18 03.12.2025
0

Шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча БШКга 11 арыз түшүп, анын алтоо добуш сатып алууларга байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

Башкага добуш бере албайт. Депутаттарга жаңы шарттар

10:19 11.12.2025
Ош шаарында аянтты жасалгалоого 3 миллион сом жумшалды

Ош шаарында аянтты жасалгалоого 3 миллион сом жумшалды

16:06 11.12.2025
Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

11:36 11.12.2025
Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

Бишкекте абаны булгаган ишканалардын иши токтотулду

1
Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Рыспай Исаков: "Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм"

09:47 12.12.2025
Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

09:43 12.12.2025
Ош шаарында аянтты жасалгалоого 3 миллион сом жумшалды

Ош шаарында аянтты жасалгалоого 3 миллион сом жумшалды

16:06 11.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү