Президент Садыр Жапаровдун 8-9-август күндөрү Казакстанга болгон жумушчу сапары аяктады.
Сапардын биринчи күнүндө, 8-августта мамлекет башчысы Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге “Достук кечеси” гала-концертине катышты. Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери көрүүчүлөргө аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.
9-августта Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусуна катышты. Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты.Мамлекет башчысы өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын форматы жогорку суроо-талапка ээ экенин жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого зарыл болгон кошумча дем берип жатканын канааттануу менен белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында өлкө башчылары аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп жактуу документтерге кол коюшту.
Андан кийин Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышты. Иш-чарада көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Ардак белгисин тапшыруу аземи болуп өттү.
Садыр Жапаров Казакстанга болгон жумушчу сапарын аяктап, 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун...
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...
"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...