Президенттикке шайлоого кимдер катышарын билдирди? Тизмеде азырынча үчөө...
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январь күнү өтөт. Тиешелүү токтомдун долбоорун Жогорку Кеңеш 24-сентябрда кабыл алган.
Шайооого барарын ачык билдирген алгачкы адам президент Садыр Жапаров өзү болду. Ал журналист Али Токтакуновго август айында берген маегинде "Дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды" деген. Андан кийин саясатчы Өмүрбек Суваналиев "Азаттыкка" сентябрь айында берген маегинде шайлоого баруу ниети бардыгын билдирди. Бүгүн, 30-сентябрда жоюлуп кеткен Финполдун башчысы болгон Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовго берген маегинде президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бардыгын жарыялады.
Бул аралыкта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз менен кайрылгандар боло электигин маалымдаган. Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 25-сентябрда башталган жана ал мөөнөт 13-ноябрда аяктайт.