Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана башка 15 өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрү катышып жаткан БРИКС парламенттик форумунда Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу жасады.
Жаңы геосаясий, экономикалык, демографиялык реалдуулукту чагылдырган дүйнөлүк тартиптин калыптанышы татаал процесс экенин белгилеген Владимир Путин мында парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду. Ошондой эле БРИКСтин азырынча институтташтырылган парламенттик структурасы жок экенин айткан Орусиянын президенти: “Бирок келечекте бул идея сөзсүз ишке ашат деген ишенечитемин”, – деди.
Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да жыйында баяндама жасап: “БРИКС+ форматына катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Биз көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга, көптөгөн тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деп белгилеген.
БРИКС алгач Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы тарабынан 2006-жылы түптөлгөн. Уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa). Кийин уюмга Иран, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмираттары кошулган.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...