«Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө келген куудул Рахман Разыков «президенттик кызматтын баркын кетирип алдык, кошуна өлкөлөргө уят болуп жатабыз» деген пикирин билдирди.
«Башкаларды билбейм, бирок Жамбылды жакшы билем да, кыздын сыры төркүнүнө маалым дегендей. Мыйзамды өзгөртүш керек. Биз бүгүн кошуна мамлекеттердин алдында уят болуп жатабыз. Өлкөнү башкара турган адамдын, президент деген жогорку кызматтын баркын түшүрүп салдык. Башканы коюп менин Жамбыл досумду эле алалы. Ал президент болбой турганын өзү деле билет. Жөн эле өзүн бекер реклама кыла берет, анан ар жерге барып маек берет… Бул бир оюнчук болуп калды», — дейт Разыков. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн арыз менен кошо күрөөнү төлөп келише турган кылсак болмок дейт куудул. «Мына бүгүн президенттик жарышка катышам деген 20дай киши калды. Мыйзамды өзгөртсөк башында эле ушунча адам арыз бермек, БШКны убара тарттырмак эмеспиз, уят да болмок эмеспиз»,- деген пикирде ал.
Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.