Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Руслан Бекназаров буга чейин улуттук коопсуздукту коргоо органдарында, президенттик аппаратта жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген. Андан сырткары Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө өкмөт башчы болуп эмгектенген.