Өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшү эмне себептен орун алып жатат жана аны чечүүгө кандай кадамдар жасалууда? Бул боюнча «Кабар» агенттигине өлкө башчысы Садыр Жапаров маек курду.
— Кыш мезгили эми башталып, жогоруда айтылгандай электр энергиясы өчүрүү болуп жатат, алдыда суук күндөр дагы көп кандай кадамдар көрүлөт?
— Ооба туура айтасыз, алдыда дагы кыш кылычын кармап келе жатат. Мен айтып кеткендей өзүбүздө өндүргөн электр энергиясы колдонулуп жаткан электр энергиясынын өлчөмү бир кыйла көп болгондуктан биз кошуна өлкөлөрдөн импорт алып жатабыз. Азыр аларда дагы таңкыстык болуп жатат, суук катуулаган сайын биз алардан электр энергиясын алууну көбөйтүүнү сүйлөшүп жатабыз. Бирок алардан бизге келген аба чубалгылар дагы өтө көп болуп жаткан жүктү көтөрө албай ысып, күйүп кетүү коркунучтары дагы болуп жатат. Колдонуу көбөйгөн жерлерде энергетиктер жөнгө салуучу иш чараларды жасап жатышат. Андай иш чараларды жасабаса, кымбат баада турган жабдыктардын күйүп кетүү коркунучу бар. Мисалы бир эле кубаттуулугу чоң болгон трансформатордун баасы 140 миллион сомдун тегерегинде турат.
Эми элестетсеңиз, ал трансформатор күйүп кетсе, аны алмаштыруу үчүн биз ошончо көп акчаны биринчиден табышыбыз керек, эгерде акча табылган күндө дагы заводдон буйрутма берип чыгаруу үчүн 150 күндөн ашык болот экен. Андан тышкары, аны алып келип орнотуу үчүн 60 күндөн 80 күнгө чейинки убакытты талап кылынат экен. Биз ал иш-чараны аткаргыча кыш бүтүп калат. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бир сааттан эки саатка чейин которуштуруу иш-чараларын энергетиктер жасап жатышат. Ушуну элибиз туура түшүнүү менен кабыл алышын суранып кетет элем.
Ооба, бир эки саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул иш-чара өтө көп узакка созулган өчүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу трансформаторлор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет. Электр энергиясынан сырткары элибиз колдонуп келе жаткан жаратылыш газдын дагы бүгүнкү күндө жетишсиздиги байкалууда. Себеби быйылкы жылы беш жаңы конушту газдаштырдык. Ошондой эле жогоруда айтылгандай газ маселеси кошуна өлкөлөрдө дагы жетишсиз болуп биздин өлкөгө алардын аймагынан келген газ түтүктөрүндө басым азайып жатат.