Президент СадырЖапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетке кыдырып көрдү.
Автобекет 1970-жылдары курулган. Узак жылдар бою ал жеке менчикте болгон. 2025-жылдын апрель айында автовокзал Балыкчы шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынган. Кийинчерээк аны толук реконструкциялоо башталган. Бардык бөлмөлөр оңдолуп-түзөлдү. Автобекете жүргүнчүлөр үчүн мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана иштейт. Айланасы көрктөндүрүлгөн. Мамлекет башчысы заманбап күтүү залын, айдоочулар жана тейлөө кызматкерлери үчүн бөлмөлөрдү, диспетчердик бөлүмдү көрүп чыкты. Бул жерде СадырЖапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин, анын ичинде бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилерди куруу маселелери боюнча кайрылууларын укту.
Андан ары Балыкчы шаарынын мэри БаатырбекЖантаев президентке шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын ичинде шаарга кире бериш арканы жаңылоо жана айланма жолдогу тыгындарды жоюу үчүн балык базарын көчүрүү бар. Бул максатта сатуучулар үчүн да, сатып алуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн заманбап базар курулат.
Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...
Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...