Садыр Жапаров: «Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстанда тамак-аш эң арзан»

Кошуна мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү боюнча салыштырып көрсөңөр тамак-аш боюнча эң арзан мамлекет бул — Кыргызстан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«Изилдеп салыштырып көрсөңөр толук ынанасыңар. Бир гана күйүүчү май боюнча Казакстан менен Орусия бизге караганда арзан. Бирок бул мамлекеттер нефтинин чордону экенин унутпашыбыз керек. Өздөрүн эле камсыз кылышпастан башка мамлекеттерге дагы экспорт кылышат», — деди ал.