Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-октябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевди жана Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды. Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында президент кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган Жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун...
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...
"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...