Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курулуучу жерге пландан тышкары барды. Ага комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, ошондой эле машыгуу аянтчасы жайгаша турганы маалымдалды.
Батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, баяндамачылар бөлмөсү жана конференц-зал болот. Коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар.
Президент комплекстин долбоору менен таанышып, келечектеги чемпиондорду даярдоого, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана активдүү эс алууга шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...
Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...