Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков мамлекет башчысына 2023-жылы аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти.
Маалыматты угуп, Садыр Жапаров акыркы жылдары облуста жана Жалал-Абад шаарында болуп жаткан оң жактуу өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгиледи. Мамлекет башчысы элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган активдүү ишти ушундай эле темпте улантууну, мындан тышкары, ишкердикти өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча системалуу иштерди алып барууну тапшырды.
Ушул эле жерде президентке 2023-жылдын октябрында курулушуна “мезгил кутучасы” салынган Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын региондорунун Достук паркынын кыскача презентациясы жасалды. Бүгүнкү күндө парктын башкы планы түзүлүп, макулдашылды, жер иштери башталды.
Достук паркы — бул жалпы аянты болжол менен 8,16 гектарды түзгөн экологиялык парк. Анын аймагында коомдук зона, балдар аянтчасы, кургак фонтан, спорттук зона, массалык иш-чаралар аянтчасы, арт-объектилер, трибуналар, парк павильондору, веложол, 150 орундуу амфитеатр жана башка көптөгөн нерселер курулат деп күтүлүүдө. Долбоордун жалпы наркы 2 миллион долларды түзөт.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге (Франция Республикасы) келди. Мамлекет башчынын...
Президент Садыр Жапаров "№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө"...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн...
Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын жүрүшүндө “Кайнама” чакан гидроэлектростанциясын (ГЭС) ачты. Токтогул районунда орун алган...