Шейшемби, 21.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоого “мезгил кутусун” салды

12:56 29.09.2024
0
Садыр Жапаров Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоого “мезгил кутусун” салды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого “мезгил кутусун” салуу иш-чарасына катышты.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана үч түрлүү мунай продукциясын өндүрөт: АИ 80 бензин, дизель жана мазут. Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн. 1995-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кийин, чет өлкөлүк инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди каржылоо үчүн инвестициялык каражаттарды, анын ичинде мунай иштетүүчү заводду курууга жана өнүктүрүүгө алгачкы салымды берген. Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКунун мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген, бирок ал иштер максатына жетпей келген.

Мамлекет башчысы чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү окуя — өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо менен гана чектелбестен, мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө боло турган олуттуу натыйжага жетишилет. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөнүн бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгы 1,4 миллион тоннаны түзөрүн атты. Бул завод көп жылдан бери Кыргызстандын жогорку сапаттагы бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгын толук канааттандыра албай келген. Тагыраак айтканда, муктаждыктын 6,5%ын гана камсыздай алган. Буга чейин АИ-80, дизел отуну, мазут өндүрүлүп келген. Мындан улам тышкы факторлорго көз карандылык күчөп, ага көп каражаттар жумшалып, көп өлчөмдөгү сапаттуу мунай өнүмдөрүн импорттоого мажбур элек.

Президент 2021-жылдын декабрь айында Жалал-Абадга болгон жумушчу сапарынын алкагында ушул жерге келип, ишкананын ал-акыбалы менен таанышып, заводду модернизациялоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды бергенин эске салды. Ал алдын ала эсептөөлөр боюнча завод модернизациялангандан кийин өндүрүштү көбөйтүп, ички муктаждыктардын 32% камсыздай алат, деп айтып өттү.

Мамлекет башчысы алдыга койгон мындай максаттарга жетүү үчүн бул долбоорду каржылоону жана ишке ашырууну камсыз кыла турган бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын баса белгиледи. Нефть иштетүүчү заводду модернизациялоого жумшала турган жалпы инвестициянын көлөмү 410 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 200 миллион доллары тышкы инвестиция болсо, 110 миллион долларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети каржылайт. Ал эми калган 100 миллион долларын болсо “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен бөлөт.

“Мурда, өзүңөр билесиңер, биз 100 миллион долларды айтпайлы, 100 миллион сом да кошо алчу эмеспиз. Бул акча жеке чөнтөктөрдө эле калчу. Эми болсо аларды өлкөнүн кызыкчылыгына жумшай турган заман келди”, — деди Садыр Жапаров. Ал завод модернизациялангандан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин стандарттарына жооп берген жогорку сапаттагы отун түрлөрүн чыгарып баштай турганын айтты.

Мындан сырткары, президент модернизациянын натыйжасында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензиндин өндүрүшү 12 эседен ашык көбөйөт, ошондой эле дизель отунунун өндүрүшү 40% га көбөйөрүн баса белгилеп айта кетти. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун модернизациясы аяктап, жаңыланган завод ишке кирери менен өлкө экономикасына чоң салым кошкон стратегиялык обьектилердин катарын толуктайт. Президент “Кыргызнефтегаз” акционердик коому менен “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилерине кайрылып, заводдун модернизацияланышын катуу көзөмөлдөө менен белгиленген мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү табыштады. Бул маанилүү өндүрүшкө алардын жеке жоопкерчилиги бар экенин унутпоосун да эскертти.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана мунай иштетүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү менен элибиздин жашоо шартын жакшыртуу багытында маанилүү кадамдар жасалып жатканын айтты.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү