«Сапардын алкагында мамлекет башчысы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат. Тараптар регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө Борбор Азия регионунун Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат. Ошондой эле президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт», — деди Муратбек Азымбакиев.
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп...












