Ишемби, 26.07.2025
Бишкек booked.net
+23...+39° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту

10:45 13.05.2023
0
Садыр Жапаров Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 12-майда Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлер менен жолугушту. Жолугушуу ачык диалог, суроо-жооп форматында өткөн.

Садыр Жапаров талапкерлерге кайрылып, коомдо «бир округдан бир депутатты шайлоо болуп жатса, президенттин талапкерлер менен жолугушуусу туурабы?» деген ар кандай суроо туулушу мүмкүн экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы «Кандай гана шайлоо процесси болбосун, ал чоң саясий окуя болуп саналат» деди.

“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында шайлоолордун жыйынтыгына бир нече жолу нааразычылыктар жаралып, элдин талаптары эске алынбай, тилекке каршы, 3 жолку төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Эң башкысы, элдин бийликке болгон ишенимине доо кетти. Мына ошондуктан өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек. Элдин бул процесске ишеними болушу үчүн шайлоо маданиятын жогорулатууга жетишүү биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү. Мындан тышкары, жаңы шайлоо технологияларын киргизүүнүн аркасында шайлоо процесси жакшырды – ал ачык жана айкын болуп калды. Кандайдыр бир адам фактору жокко чыгарылат», — деген президент, талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге экскурсия жасап, шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштээрин өз көзү менен көрүп чыгууну сунуштады.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын өзгөртүү жолу менен эл аралык стандарттарга ылайык, эркин жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзө алганыбызга көңүл бурду. Ал убагында айрым талапкерлерге ар кандай артыкчылыктар берилип, “президенттен бата алыптыр”, “бийликтин кишиси экен” деген түшүнүктөр болгонун эскертти. Айрым талапкерлер үчүн административдик машина иштеп, мамлекеттик жана социалдык тармактын кызматкерлери үгүт иштерине курал катары колдонулган. Ал эми айрым талапкерлерге бийлик тарабынан, тескерисинче, бут тосуулар болуп келген.

“Бүгүнкү күндө мындай адилетсиз, мыйзамсыз аракеттерге таптакыр жол жок. Бийлик тарабынан шайлоолорго ар кандай ыкма менен аралашууга жол бербейбиз. Бүгүнкү жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер келишти.  Сиздердин алдыңыздарда шайлоону өткөрүүгө тиешелүү жетекчилердин баарын эскертемин. Бир да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер үгүт иштерине аралашпасын”, — деп Садыр Жапаров белгилеп, бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү керектигин айтты.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы шайлоону таза өткөрүү жеке эле мамлекеттик бийликтин милдети эмес, шайлоонун акыйкат жана ачык өтүшүнө ар бири өз салымын кошуш керектигин өзгөчө белгиледи. Президент талапкерлерди мыйзамдуулукту так сактоого жана шайлоочулардын добушун сатып алууга, бюллетендерди сүрөткө тартып, шайлоочулардан отчет алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, шайлоочуларды шайлоо тилкелерине ташып келүүгө жол бербөөгө чакырды. Мындай мыйзам бузуулар жана башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.

Садыр Жапаров бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн, эми ошол түзүлгөн шарттарды бийик жоопкерчилик менен колдонуусун дагы бир жолу айтып өттү. Өз кезегинде талапкерлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президентке бир катар түрдүү суроолорду берип, аларга кеңири жоопторду ала алышты.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
15:41 22.07.2025
0

Бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды....

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президентинин Бишкекке келиши: 13 документке кол коюлду

Автор Эдита Ильясова
15:28 21.07.2025
0

Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл...

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Автор Эдита Ильясова
11:20 21.07.2025
0

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп...

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Автор Эдита Ильясова
09:32 21.07.2025
0

Кечээ, 20-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. "Манас" эл аралык аэропортунда...

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Байышбек Астанакулов Талас районунун акими болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
11:52 16.07.2025
0

Байышбек Астанакулов Талас облусунун Талас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент жоокер өз жанын кыйганына байланыштуу ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошевге сөгүш жарыялады

Президент жоокер өз жанын кыйганына байланыштуу ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошевге сөгүш жарыялады

12:45 25.07.2025
Бишкекте аялды сабап жаткан кишинин видеосу тарады

Бишкекте сабалган келин жолдошунун үстүнөн арыз жазды

11:39 25.07.2025
Бишкекте аялды сабап жаткан кишинин видеосу тарады

Бишкекте аялды сабап жаткан кишинин видеосу тарады

11:27 25.07.2025
26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:51 25.07.2025
Кыргызстанда жайкысын электр энергияны керектөөнүн жаңы рекорду коюлду

Кыргызстанда жайкысын электр энергияны керектөөнүн жаңы рекорду коюлду

17:10 25.07.2025
Коомдук транспортто рейд жүрүп, 10 адамга айып салынды

Коомдук транспортто рейд жүрүп, 10 адамга айып салынды

16:28 25.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү