Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-ноябрда, Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» Президенттик сарайында президент Садыр Жапаровдун Мисир Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаровду Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.











