Шаршемби, 22.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров мурдагы премьерлер боюнча: «Жооп бербей эле коёюн, капа кылып койбоюн»

10:16 26.09.2024
0
Садыр Жапаров мурдагы премьерлер боюнча: «Жооп бербей эле коёюн, капа кылып койбоюн»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигин кызыктырган бир катар суроолорго жооп берип, анда Апас Жумагуловдун портретинин «Ынтымак Ордого» илинишинин себебин түшүндүрдү. Ошондой эле маекте мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу дагы кеп козголду.

«Биринчиден Апас Жумагулов СССРдин “закалкасын” алган саясий ишмер. Экинчиден СССР чачырагандан кийин Кыргызстан жаңы түптөлө баштаганда Аскар Акаев жетектеген бийликте премьер-министрлик кызматын аркалап, эриш-аркак жаңы мамлекетти түзүүгө чоң салымын кошкон адам.

Ал мезгилде жаңы баш мыйзам жана ага ылайык мыйзамдар кабыл алынган, өзүбүздүн сомубуз жүгүртүүгө берилген. Азыркыга чейин күчүн жоготпой турат. СССР тарай электе Кыргыз CCРнин өзүнүн мамлекеттик тили болуш керек деп Кыргыз тил мыйзамын киргизишкен. Мамлекетибиз дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирген жана башка дагы бир далай жакшы иштерди жасашкан. Мунун баарын азыркы жаш муун билбей калды. Орто жаштан жогоркулардын баары билишет. Жаңы мамлекетти түптөш оюнчук эмес. Жаңы мамлекетти түптөгөндү бул жакка коелу, бери жагы эле башымдан өткөн адам катары айтайын.

2020-жылы жаңы мамлекет түптөгөн менен эле барабар болдук. Жаңы баш мыйзам кабыл алынды, ага ылайык бардык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди, бийлик түзүмү орноду. Мурда башаламан башкаруу болуп, анархия орноп, ким катуураак жана коозураак кыйкырса эле ошонун сөзү өтө берген мамлекетте жашап келгенибизди баарыңар эле билесиңер да. Мага эң оор болгону ушул өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга жардам бергендин ордуна ар кайсы топтордун, алысты көрө албаган ичи бузук кооз сүйлөгөн саясатчылардын, капталдан чыга калып жеке кызыкчылыктарын түрткүлөгөн саясий топтордун бут тоскону болду. 30 жылдан бери жеке кызыкчылыктары менен жашап келип көнүп алышыптыр да.

Бир жарым жыл дегенде араң реформаны бүттүк. Бир жарым жыл убактыбызды ушундай ички тоскоолдуктарга кетирип койдук. Ошондуктан жаңы мамлекет түптөгөндү бул жакка коелу, бар мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүүгө ушунчалык тоскоолдуктар болду. Айрым саясатчылар мурдагы “улак тартмай” системаны калтырганга аябай жан үрөштү. Бирок көпчүлүк элдин колдоосу менен реформаны ишке ашырып кеттик.

Үчүнчүдөн Апас Жумагулов таза иштеген премьер-министр болгон. Бүгүн 90 жашка чыгып олтурат. Кыргыз эл баатыры. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Ал эми башка премьер-министрлер жөнүндө жооп бербей эле коёюнчу. Капа болбойсуз. Аларды да капа кылып койбоюн», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:48 21.04.2026
0

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун...

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

17:57 21.04.2026
Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

16:48 21.04.2026
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

14:30 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү