Садыр Жапаров: «Мурдакыдай 10 жылдап кезекте турбай, жакын арада батирлүү болосуздар»

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык батирлерди тапшыруу учурунда сөз сүйлөп, «Биздин максатыбыз, ар бир кыргызстандык үй-бүлөнү үй-жайлуу кылуу» экенин айтты.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Алар да жакынкы жылдары бүтүп калат. Бул масштабдуу долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын билесиздер.

Мындан тышкары, эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен курулуш иштерин тездетүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Мына ошол масштабдуу долбоорлордун бири, 2023-жылдын башында башталып, бүгүн биз тасмасын кесип, ачылышын жасап жаткан көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн салынып бүтүшү, Кыргызстандын өнүгүү жолундагы дагы бир маанилүү кадамы десем жаңылышпайм.

Биз турган Скрябин көчөсүндө бул көп кабаттуу турак жай комплекси 7 блоктон турат. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулду. Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50 пайыз үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарыбызга жана башка жарандарыбызга берилип жатат. Буга чейин да түшүндүрмө бердим эле, азыр да айтып коёюн, 50 пайыз өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак жай курууну тездетүүгө бир топ эле салым болот. Ошондуктан кезекте турган бардык жарандарыбыз мурдакыдай 10 жылдап кезекте турбай жакын арада батирлүү болосуздар. Эч кам санабай чыдап туруңуздар. Биздин максатыбыз, ар бир кыргызстандык үй-бүлөнү үй-жайлуу кылыш», — деди ал.