Шейшемби, 07.02.2023
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СуперТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ДАГЫ
      • ЖУБАЙЛАР ШОУ
      • ЖҮРӨК СЫРЫ
      • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
      • СПОРТ
      • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
      • АР ТҮРКҮН
      • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
      • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • МУЗЫКА
    • АУДИОКЛИПТЕР
    • ВИДЕОКЛИПТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СуперТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ДАГЫ
      • ЖУБАЙЛАР ШОУ
      • ЖҮРӨК СЫРЫ
      • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
      • СПОРТ
      • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
      • АР ТҮРКҮН
      • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
      • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • МУЗЫКА
    • АУДИОКЛИПТЕР
    • ВИДЕОКЛИПТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «Пенсия жана жөлөк пулдарды жогорулатуунун камын көрүп жатабыз»

12:12 31.08.2021
0
Садыр Жапаров: «Эки президенттин өлкөдөн безе качып, бирөөсү камакта жатканы кайгылуу тажрыйба болду»

Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

«Финансылык ресурстарды туура колдонуу, кечиктирилгис жана чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу, болочок муундун жаркын келечегине эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо —  жакынкы максатыбыз. Пандемиянын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестерге финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыктык. Чакан жана орто ишканаларга үстөгү/проценти жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт.

Андан сырткары, чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт. Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орточо бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт. Бул эмнени билдирет? Маселен, 15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт. Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда.

Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Кыргызстан — ак иштеп, салыгыңды төлөп койсоң, бейкапар, тынч жашооңо эч ким кийлигишпеген өлкөгө айланууга тийиш. Өнүккөн өлкөлөрдө эзелтен ушул принцип уланып келет. Биздин алардан эмнебиз кем? Ошол себептен, Жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Мурдагы бийликтердин учурундагы салык жана бажы тармагындагы жат көрүнүштөрдү жоюу, тоо-кен тармагын улуттук кызыкчылыктарга жараша иштетүү аркылуу быйылкы жылдын жети айында эле 12 миллиард сом кошумча резерв табууга жетиштик. Натыйжада, бюджетибизден коронавируска каршы дары-дармек, вакцина сатып алуу менен бирге, пенсияларды жана жөлөк пул жогорулатуунун камын көрүп жатабыз.

Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сезем. Айрыкча, социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн акыбалы кабыргамды кайыштырат. Азык-түлүк баалары көкөлөгөн азыркы заманда мен социалдык жактан коргоого муктаждардын көргөн күнүн, көйгөйүн күн-түн эсимден чыгарбай, көңүлүмдө түйүп келем. Аларды багып алуу менин милдетим. Кыргыз эч качан жетим-жесирин кор тутчу эмес! Орточо эсеп менен эки жүз миңдей үй-бүлө жакырчылыкта күн кечирүүдө. Мен алар үчүн жоопкермин. Ошондуктан, эң алды менен ошолордун жашоо шартын жеңилдетүүнүн жолдорун таптык.

Маселен, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат. Кыскартып айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт. Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болот», — деди өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Акылбек Жапаров Бишкектин тазалыгы тууралуу: «Чоң айылга айланып калуу коркунучу бар»

Акылбек Жапаров Бишкектин тазалыгы тууралуу: «Чоң айылга айланып калуу коркунучу бар»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 07.02.2023
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга пландары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген...

Марат Тагаев менен Айнура Аскарова маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Марат Тагаев менен Айнура Аскарова маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
20:29 06.02.2023
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Союзбек Надырбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар...

Эрулан Кокулов: «Мен депутат болгондон баштап жума сайын кредит алып жатабыз»

Эрулан Кокулов: «Мен депутат болгондон баштап жума сайын кредит алып жатабыз»

Автор Эдита Ильясова
17:00 06.02.2023
0

"Мен депутат болгондон баштап жума сайын кредит алып жатабыз". Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда...

Акылбек Жапаров: «Кыргыз Республикасы биринчи жолу ЕАЭБдин бюджетине алганга караганда көп акча которду»

Акылбек Жапаров: «Кыргыз Республикасы биринчи жолу ЕАЭБдин бюджетине алганга караганда көп акча которду»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 04.02.2023
0

2022-жылы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы бюджетине биринчи жолу 4 миллиард сом которду, бул сумма алганга караганда көп. Бул...

Министр Кутманова: «2022-жылы 8 миллион, 2023-жылы 8,5 миллион көчөт отургузулат»

Министр Кутманова: «2022-жылы 8 миллион, 2023-жылы 8,5 миллион көчөт отургузулат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 04.02.2023
0

Кечээ, 3-февралдагы «Ыйман Нуру» фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Түркиядагы футбол машыктыруучу жер титирөөдөн 15 үй-бүлө мүчөсүн жоготту

Түркиядагы футбол машыктыруучу жер титирөөдөн 15 үй-бүлө мүчөсүн жоготту

16:01 07.02.2023
Астанада өткөн футболдогу чыр. Актан Рыскелдиев: «Күтүүсүз жерден хайп болдук»

Астанада өткөн футболдогу чыр. Актан Рыскелдиев: "Күтүүсүз жерден хайп болдук"

16:46 07.02.2023
Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу ыйлап кайрылуу жасады (видео)

Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу ыйлап кайрылуу жасады (видео)

18:32 07.02.2023
Шоумен Кубаныч Баркалбасов кулагына операция жасатты

Шоумен Кубаныч Баркалбасов кулагына операция жасатты

23:23 07.02.2023
Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу ыйлап кайрылуу жасады (видео)

Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу ыйлап кайрылуу жасады (видео)

18:32 07.02.2023
Депутат министрге: «Сизге ханыша же «царица» деп кайрылалыбы?»

Депутат министрге: "Сизге ханыша же "царица" деп кайрылалыбы?"

18:04 07.02.2023

АРХИВ

Февраль 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СУПЕР ТВ, информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Куренкеев көчөсү, 180.

Кеӊсе
+996 (312) 88-29-00
+996 (770) 88-29-00
info@supertv.kg

Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@supertv.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СуперТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • МУЗЫКА
    • АУДИОКЛИПТЕР
    • ВИДЕОКЛИПТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2022 SuperTV. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү