Садыр Жапаров: «Тышкы саясат жаңы деңгээлге чыкты»

Бүгүн, 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өтүп жатат. Иш-чара өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берүүдөн башталды. Анда ал тышкы саясат тууралуу да кеп кылып, Кыргызстандын тышкы саясаты жаңы деңгээлге чыкканын айтты.

«Тышкы саясат жаңы денгээлге чыкты десек жаңылышпайбыз. Эффективдүү ишке ашырылган тышкы саясатыбыз Октябрь окуяларынан кийин биз кабылган стратегиялык көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн чечүүгө өбөлгө түзгөндүгүн ишеничтүү белгилөөгө болот. Биринчиден, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандын жаңы жетекчилигин легитимдүү бийлик катары кабыл алып, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы келишимдердеги милдеттенмелердин алкагында биз менен кызматташууга даяр экендигин тастыктады», — деди ал.

Президент сентябрь айында Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумдарына катышканын эске салды. Анын айтымында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында уюмдун бир мүчөсү тарабынан экинчи мүчөсүнө карата куралдуу кол салуу болсо, Уюмдун таасир этүү механизмдерин иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн.

«Кошуналарыбыз менен мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөө — биздин тышкы саясатыбыздын маанилүү багыты. Өзүңүздөр билесиздер, акыркы жылдары кошуна мамлекеттер менен биздин кызматташтыгыбыз акыркы 4-5 жылда абдан салкындап кеткен. Кошуналар менен кылымдар бою чиелешип келген карым-катнашыбызда биз дайыма тең укуктуу диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоп, талаш маселелердин баарын сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү көздөйбүз. Эң оболу кошуналарыбызга барып, бул өлкөлөрдүн лидерлери менен кызматташуунун күн тартибиндеги маселелердин баарын талкууладым», — деди өлкө башчысы.