Бейшемби, 13.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү аскер бөлүккө 30 унаа тапшырды

17:12 10.12.2024
0
Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү аскер бөлүккө 30 унаа тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган №2028 аскер бөлүгүнө барды.

Аскер бөлүктө бардык имараттарды, анын ичинде административдик корпустарды жана турак жайларды капиталдык реконструкциялоо боюнча иштер аяктаган. Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, бул жерге ушул жылдын жаз айында келип, оңдоп-түзөө иштерин баштоого тапшырма бергенин эске салды.

Садыр Жапаров 1962-жылы түптөлгөн бул аскер бөлүктө бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй, имараттар эскирип, чатырларынан суу өтүп, кейиштүү абалга келгенин көргөндө, көңүлү чөгүп, намыстанып кеткенин айтып берди. “Дароо барып, аскер бөлүктүн инфратүзүмүн: штабы, окуу борбору, окуу корпусу, казармасы, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттарын капиталдык оңдөп-түзөөдөн өткөрүүгө буйрук бергем. Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 километрин түзгөн тилкесин кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип олтурат”, — деди президент. Ал мамлекет тарабынан чек ара коопсуздугун чыңдоого артыкчылык берилип, ар тараптан колдоо менен чоң көңүл бурулуп жатканына токтолду. Президент чек арачылардын социалдык абалын, турак-жайын жакшыртуу жана башка курулуш иштерине 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

“Кытай Эл Республикасы менен “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жаңы курулуп, ишке берилди. Эртең чек арачылардын кызмат өтөөсүнө заманбап шарттар түзүлгөн эл аралык “Каракол” аэропорту ачылып, ишке берилет”, — деп кошумчалады Садыр Жапаров, мунун баары мамлекеттик чек арабыздын, элибиздин тынчтыгын камсыздоого ант берип, ыйык кесипти аркалап келаткан чек арачыларга жүктөлгөн тапшырмаларды так аткаруусу үчүн түзүлүп жаткан шарттар болуп саналат. Мамлекет башчысы чек арада кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербей, алдын алуу иштерин жүргүзүп, чек арачылар жөнүндө жергиликтүү элдин, сырттан келген меймандардын жакшы ой-пикирин калыптандырып, бекитилген аймактагы кызматты так жана таза аткарууга чакырды.

Бүгүнкү саамалыктын урматына президент 51 миллион сомдон ашкан акча каражатына алынган 30 даана “JAC” маркасындагы жол тандабас жаңы унааларын тапшырды. Буга чейин биринчи жарым жылдыкта жалпы наркы 43 миллион сомдон ашкан 25 даана ушул эле маркадагы жол тандабас берилген. Садыр Жапаров чек арабыздын бек корголушу үчүн мамлекет мындан ары дагы Чек ара кызматын ар тараптан колдоону уланта турганын баса белгиледи. Ал жакка барганында президент Садыр Жапаров жаңыланган бөлүктүн инфраструктурасы менен таанышып, капиталдык оңдоодон өткөн имараттарды, аскер кызматкерлеринин жашоо шарттарын, ошондой эле материалдык-техникалык базасын көрүп чыкты.

 

1 / 18
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

Чаткалда күйөөсү тарабынан сабалды деген келин жардан кулап кеткенин айткан

11:11 12.11.2025
Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

10:10 12.11.2025
Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

Чаткалда күйөөсү тарабынан сабалды деген келин жардан кулап кеткенин айткан

11:11 12.11.2025
Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

10:10 12.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү