Бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды.
Өз сөзүндө Данияр Амангелдиев президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, Министрлер кабинетинин курамына кошулганын, өз алдынча мамлекеттик орган макамын алганын белгиледи. Бул өзгөрүүгө байланыштуу Алмамбет Шыкмаматов жаңы түзүлгөн ведомствонун төрагалыгына кайра дайындалды.
«Салык кызматын Финансы министрлигинин курамынан чыгаруу чечими бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Мындан тышкары, сиздердин кызматыңыздарга алкоголдук продукциялардын, баалуу металлдардын жана зер буюмдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү жана көзөмөлдөө милдеттери жүктөлөт. Бул чечимдердин жыйынтыгы жакынкы аралыкта жемишин берет деп ишенебиз», – деди ал.
Өз кезегинде Алмамбет Шыкмаматов коюлган милдеттерди аткаруу үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.











