Алмазбек Атамбаев жакшы ниет менен ачкан «Ыйман» фондун Сооронбай Жээнбеков жаап салган. Бул тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.
«Көпчүлүк билбей турган Атамбаевдин бир ишин айтып кетким келди. Бир кезде Алмазбек Атамбаев «Ыйман» деген фонд түзгөн. Себеби биздин имамдар ар кайсы диний секталардан, агымдардан каржыланып, мамлекетке проблема жаратып келе жаткан. Дин таза болушу керек, мамлекет колдош керек деген ниет менен Атамбаев дал ушул фондду түзгөн. Ошондо жөнөкөй Куранды билбей, 97 пайыз имамдар аттетстациядан өтпөй калган. Бул долбоорду дагы Жээнбеков өзүнүн жеткен деңгээли ошол болуп, жаап салган. Болбосо, бул фонд кадимкидей имамдарды колдоп, аларга айлык берип баштаган эле», — деди Кылычов.