Аталган мектептин мурда колдонулуп жүргөн имаратынын бири 1989-жылы салынса, экинчиси 1997-жылы ишке берилген. 2015-жылы ӨКМ тарабынан мектеп жараксыз абалда экени аныкталган. Ага ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилүүдө.
Ошондой эле акыркы үч жыл ичинде 200дөн ашуун мектеп курулганын айткан төрага: “Анын ичинен быйыл пландалган 100 мектептин ичинен 90дон ашууну пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин калганы да бүткөрүлүп, окуучуларга эшигин ачат”, – деди.
Салтанатта Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдун сертификатын жана заманбап компьютерлерди тапшырып, агартуучуларды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чакырды.
Күн сайын жаңы кабарлар, кубанычтуу жаңылыктар менен таанышып туруу кандай жакшы! Өлкө аймагында болуп жаткан өзгөрүүлөр, элдин социалдык жашоо деңгээлинин жакшырып баратканы, бул бийликтин жүргүзүп жаткан туура саясатынын жемиши жана жеңиши десек болот. Өсүп-өнүгүүгө карай алган багытыңар так жана таза болсун, урматтуу төрага! Кыргызстандын агартуу тармагына эбегейсиз чоң көңүл бурулуп жатканы- бул, келечек ээлерине болгон өзгөчө камкордук, деп билүү керек. Ишиңизде албан ийгиликтер боло берсин! Өлкөбүз гүлдөп, элибиз байгер жашап, билимдүү жаштар көбөйсүн!