Дүйшөмбү, 27.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Согушту башташ оңой, токтотуш оор». Садыр Жапаров Кыргыз элине кайрылуу жолдоду

21:45 30.04.2021
0
«Согушту башташ оңой, токтотуш оор». Садыр Жапаров Кыргыз элине кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде кыргызстандыктарга Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти. Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз. Чек ара тилкесин аныктоо — карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе. Дүйнө элдеринин тарыхы буга күбө. Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген. Тажик Республикасынын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенемин. Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин-бири урматтоо мүнөздүү. Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил. Эки элдин достугу «Манас» эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырылгандыгы тегин жерден эмес! 21-кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш. Буга биздин коңшу болгонубуздан сырткары, табигый ресурстарга ээлик кылганыбыз да милдеттендирет.

Мен асыресе суу маселеси жөнүндө айтып жатам. Себеби, Кыргызстан менен Тажикстан таза суунун запастарына ээлик кылуу жагынан алдыңкы орунда турган өлкөлөрбүз. Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду. Учурдан пайдаланып, жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим этем.

«Согушту башташ оңой, токтотуш оор» деп айтылат. Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат. Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт деген ойдомун. Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганы жакшы жосун эмес. Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырам.

Азыр эле Тажикстандын президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чек аралар жана башка бардык маселелерди тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алалы деп келиштик. Эс тутумум жаңылтпаса, мындан 16 жыл мурда бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эскерттим эле. Тагдырдын буйругу менен дал ушул көйгөйдү чечүү менин өз мойнума туш келген экен. Кудай буюрса, жакынкы араларда чечишип алабыз.

Учурдан пайдаланып, «Баткенге барабыз, элибизге жардам беребиз» деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдирем жана эмоцияга алдырбооңуздарды суранып кетем. Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы!».
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

15:14 27.04.2026
Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

14:54 27.04.2026
Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

14:26 27.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү