Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов менен АКШнын “кара тизмесине” кирген Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кандай байланышы бар? Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров кезектеги иликтөөсүн жарыялашты. Алардын материалына ылайык, Матраимовдун кайниси Тынчтык Сулайманов Мамытовдун кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми Мамытовдун ага чейинки кеңешчиси, ошол эле учурда тууганы Азамат Эсенжан уулу Бажы кызматына инспектор болуп ишке алынганы айтылат. Мындайча айтканда, Мамытов менен Матраимов туугандарын бири-бирине кызматка алышкан болуп чыга келет.
Журналисттер жарыялаган материалдын чын же калп экендиги боюнча Талант Мамытов да, Райымбек Матраимов да комментарий бере элек.
Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү
Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...






