Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов менен АКШнын “кара тизмесине” кирген Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кандай байланышы бар? Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров кезектеги иликтөөсүн жарыялашты. Алардын материалына ылайык, Матраимовдун кайниси Тынчтык Сулайманов Мамытовдун кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми Мамытовдун ага чейинки кеңешчиси, ошол эле учурда тууганы Азамат Эсенжан уулу Бажы кызматына инспектор болуп ишке алынганы айтылат. Мындайча айтканда, Мамытов менен Матраимов туугандарын бири-бирине кызматка алышкан болуп чыга келет.
Журналисттер жарыялаган материалдын чын же калп экендиги боюнча Талант Мамытов да, Райымбек Матраимов да комментарий бере элек.
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....








