Шаршемби, 22.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Талибдер алсыз болсо, үч жылда эли бийликтен сүрүп түшүшмөк». Садыр Жапаровдун TRT AVAZ’га берген маеги

18:43 07.12.2024
0
«Талибдер алсыз болсо, үч жылда эли бийликтен сүрүп түшүшмөк». Садыр Жапаровдун TRT AVAZ’га берген маеги

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров TRT AVAZ түрк телерадиокорпорациясына маек берди.

— Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич. Биздин суроолорубузга жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Эл аралык иш-чараларда, ар кыл саммиттерде сиз ар дайым Ооганстан темасын көтөрүп келесиз. Бул мамлекет изоляцияда калганын айтып, аларга гуманитардык жардам берүүгө чакырасыз. Эмне үчүн аларга мынча жан тартасыз жана өзүңүздүн мамлекет дагы Ооганстанга гуманитардык жардам берип келеби?

— Саламатчылык. Туура баамдадыңыз. Эл аралык иш-чаралар учурунда Ооганстанга дуйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып келе жатабыз. Өзүңүздөр билгендей, ооган эли узак жылдар бою согуш жана анын кесепеттеринен жапа чегип, кыйналып келет. Ооганстан менен чек арабыз түз болбосо да, кошуна өлкөбүз аркылуу чектешет. Андыктан ал жактагы абалдын курчушу кайсыл бир деңгээлде бизди дагы тынчсыздандырат.

Өзүңүздөр билгендей, 2021-жылы Ооганстанда бийликке “Талибан” кыймылынын лидерлери келишти. Азыркыга чейин бул өлкөдө жетекчилик кылышууда. Каалайбызбы-каалабайбызбы өлкөнү талибдер башкарып жатканы айныгыс факты. Муну эч ким тана албайт. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде биз дагы “Талибанды” тыюу салынган уюм тизмесинен чыгардык.

Талибдер бийликке келгенден көп өтпөй эле биз алар менен ооган элине жардам көрсөтүү максатында байланышка чыктык. Бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөттүк. Жогоруда белгилегенимдей, Ооганстандагы кырдаалдын мындан ары дагы курчушу биздин регионго да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан биз Ооганстандын азыркы бийлиги менен кызматташып жатканыбызды жашырбайбыз. Колубуздан келишинче жардам көрсөтүүдөбүз. Албетте, бул жетишсиз.

Эгерде талибдер алсыз болсо аларды ооган эли эчак эле бийликтен сүрүп түшүшмөк да. Үч жылдан ашты. Жаманбы-жакшыбы иштеп жатышат. Эли аларды колдоп жатат. Азыр алар дээрлик толук изоляцияда турушат. Биз, дүйнө коомчулугу бир нерсени жакшы түшүнүшүбү керек. Бул — Ооганстанды дүйнөнүн калган бөлүгүнөн бөлүп, изоляцияда кармоо менен маселе чечилбейт. Тескерисинче, азыркы кырдаал канчалык создуккан сайын ооган эли азаптуу күндөрдү башынан кечириши улана берет.

Талибдер 2021-жылдын жайында бийликке келгенде Ооганстандын Борбордук банкынын чет жактагы 9,4 миллиард долларлык активдери батыш өлкөлөрүндө “тоңдурулганын” жакшы билесиздер. Анын 7 миллиард доллардайы АКШда. Бул каражатты Ооганстандагы кырдаалды жакшыртууга жана ооган элинин бакубатчылыгы үчүн тез арада кайтаруу зарыл деп эсептейм. Мисалы, бул каражатты Ооганстандын азыркы бийлиги өздөрүнүн инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүүдөн тышкары жергиликтүү банктары аркылуу жарандарына жеткиликтүү кредит берип, айыл чарбасын өнүктүрүп, жакырчылыкта күн кечирип жаткан жарандарын ирдентүүгө жол ача алмак деп эсептейм. Азыр Ооганстандын элинин көпчүлүгү ачарчылык коркунучунда турат. Андыктан учурдан пайдаланып, Европа өлкөлөрүнүн лидерлерин, Америка кошмо штаттарынын жетекчилигин Ооганстандын азыркы бийлигин таанууга, ооган элинин келечеги үчүн “тоңдурулган” каражаттарын кайтарып берүүгө чакырат элем.

Баштапкы этапта балким Ооганстан жетекчилигин тар курамда Европа өлкөлөрүнүн бир-экөөнө иш сапар менен келип кетүүгө чакырышар? Алар дүйнөнүн өнүккөн делген өлкөлөрүндө болуп, дүйнө элдери кандай шартта жана кантип күн кечирип жатканын өз көздөрү менен көрүшсө бул дагы болсо алардын мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбаларына оң таасирин бермек. Изоляцияда кармап тура берсек, 50 жылда да оң таасирин бербейт. Буга кошумча Европа өлкөлөрү же Америка Ооганстанга жардам берүүнүн алкагында ар кыл долбоор же атайын программалар аркылуу техникалык жардам бере турган болсо, биз аны ишке ашырууга даярбыз.

— Мисалы?

— Мисалы, узак жылдарга созулган согуш, туруксуздук ооган элинин билим берүү тутумуна терс таасир эткенин билебиз. Эгерде техникалык жардам көрсөтүлө турган болсо, биз Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын базасында оогандык студенттерди ар кыл адистиктерге (мугалим, бажы, дарыгер жана башка) окутууга даярбыз. Эгерде ушул сунушубузга макул боло турган өлкөлөр болсо анын деталдуу планын тез арада чогуу иштеп чыгууга жана ишке ашыра баштоого кудуретибиз жетет.

Балким, чакан топ-топ кылып окутабыз. Балким, бир учурда бардык багыттар боюнча 100дөн адистерди даярдап беребиз. Сөзсүз эле студенттер эмес, балким орто звенодогу мамлекеттик кызматкерлерин окутабыз. Эң башкысы боордош Ооганстандын калкына жардам көрсөтүүгө болгон умтулуубуз бар.

— Жакшы идея экен. Бул сунушуңузду Европа мамлекеттери колдоп берди дейли. Эмнеге таянып ийгиликтүү болоруна ишеним артып жатасыз?

— 90-жылдары Советтер союзу ыдыраганда көп эле өлкөлөр оор күндөрдү баштарынан кечиришти. Бул базар экономикасына жаңыдан аралаша баштаган маал эле. Ошол жылдары Кыргызстандан миңдеген жаштарыбыз чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Бир канча жылдан кийин алардын көпчүлүгү мекенине кайтып келип, өздөрү жүргөн өлкөлөрдө көргөн тажрыйбасын ийгиликтүү ишке ашырышты. Мисалы, кызмат көрсөтүү тармагында үйрөнгөндөрүн Бишкектеги мейманкана, кафе, ресторандарды иштетүүдө, айыл-чарбасындагы алдынкы технологияларды колдонуу аркылуу түшүмдүүлүктү жана сапатты жогорулатууга ийгиликтүү колдонгонун баарыбыз көрдүк. Завод, фабрикаларды салып жатышат. Сөз азыр өздөрү жакшы турумуш издеп чет өлкөгө барып, ондогон жылдар бою иштеп келип, анан үйрөнгөнүн мекенине пайдалангандар тууралуу болуп жатат. Эми элестетсеңиз, чет өлкөлөрдөн атайын окуудан өткөндөрдүн иш натыйжалуулугу алда канча жогору болот да. Ушул эле тажрыйбаны бизден да алда канча өнүгүп кеттик деген мамлекеттер дагы Ооганстанга жардам кылып кошумча ишке ашырышсын.

— Талибандар өздөрү ушуга макул болот дейсизби?

— Албетте макул болот. Кеп алардын өлкөсүнүн өсүп-өнүгүүсү, элинин кыйналбай жашоосу жөнүндө болуп жатса, кантип каршы болушмак эле. Алар деле элине кам көрбөсө бийликте узакка тура албасын мыкты түшүнүшөт деп ишенем. Анын үстүнө Ислам дининде билимге, аял затынын укуктарына өзгөчө көңүл бурулган эмеспи. Ислам эзилгендерге үмүт, аялзатына урмат жана укук берди. Курани Карим аялзатына жакшы мамиле кылууга чакырды: «Аялдарга (жубайыңарга) жакшы мамиле кылгыла. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Аллах силер жаман көргөн нерседен мүмкүн көп жакшылыкты берер», — деп айтылат.

Илимдин ислам дининде орду аябай зор. Бул дүйнөдө ак менен караны, адал менен арамды ажыратыш үчүн илим алуу баарыбызга милдеттүү. Аллах Таала Куранда: «Эй (Мухаммад!) Аларга: “Билгендер менен билбегендер тең боло албайт?” — деп айткан. Чындыгында акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» — деп айткан. (Зумарсүрөсү – 9 аят). Абу Масъуд (андан Аллах ыраазы болсун) баяндайт: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Дин илимин алуу ар бир мусулман эркек жана мусулман аялга парз». Ошондуктан ар бир эркек, ар бир мусулман аял илим алууга милдеттүү.

Адам укуктары, демократия дегенди Европа мамлекеттери безилдеп эң көп айтышат. Аларга мен кайрылат элем: келиңиздер, адам укуктары кантип корголорун, демократия кантип ишке ашарын Ооганстан бийлигин таануу жана аларга реалдуу жардам берүү аркылуу көрсөтүңүздөр. Аларга дүйнөнүн бардык мамлекеттерине эшик ачып берели. Чоочулооңор катуу болуп жатса, конкреттүү талаптар аркылуу чектелген өлчөмдө аз-аздан виза берели. Алар дагы цивилизациялуу делген коомго интеграцияланышсын. Цивилизациялуу өлкөлөрдү көрүп келишип аялдарга, кыздарга болгон мамилелери тез өзгөрөт эле.
Болбосо ооган элинин убалы кимде болот деген суроону өзүңүздөргө берип көрүңүздөр. Өмүр бою Ооганстандан чыкпай согушуп келген согушчан адамдарды санкция же изоляция менен тарбиялоого эч мүмкүн эмес. Менин оюмча, талиб жетекчилерин диалог менен гана ынандырсак болот. Канча көп сүйлөшүп, жолугуп турсак ошончолук таасир беребиз. Оогандык чыгыш элдерине кирет ошондуктан аларга өзгөчө мамиле жасасак, жакшы жыйынтык чыгышы мүмкүн.

— Рахмат!

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:48 21.04.2026
0

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун...

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

17:57 21.04.2026
Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

16:48 21.04.2026
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

14:30 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү