SerepTV Logo

Тармактык комитет инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүү чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда карады

Тармактык комитет инвестициялык долбоорлор үчүн жер тилкелерин берүү чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда карады
 
Кечээ, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Мыйзам долбоору инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер участокторун берүү маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, ошондой эле инвестордун инвестициялык милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуунун кошумча укуктук механизмдерин белгилөө максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Чойбеков сунушталып жаткан ченемдерге кирген долбоорлор үчүн инвестициянын минималдуу суммасын аныктоо зарылдыгын билдирди. Депутат Сеидбек Атамбаев мамлекеттик жерлерди мамлекеттин менчигинде сактап калуу жана алардын үчүнчү жакка өтүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн кошумча кепилдиктер керектигин белгиледи. Депутат Бахридин Шабазов Кыргызстандагы инвестициялык келишимдерди түзүү тажрыйбасы жана мындай келишимдердин алкагында жүргүзүлгөн инвестициялардын көлөмүнө кызыкты.

Депутат Максат Алымбеков жер тилкесин пайдалануу мөөнөтүн дароо 50 жылга белгилебей, алгач 10 жылга берип, инвестор милдеттенмелерин аткаргандан кийин гана андан ары узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Баяндамачы энергетика тармагындагы долбоорлор үчүн 50 жылга чейинки мөөнөт каралганын маалымдады. Депутат Рахат Жунушбаева экономикалык тең салмактуулукту сактоо жана инвесторлордун ишин көзөмөлдөө зарылдыгына басым жасап, ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бериши жана өлкө үчүн экономикалык пайда алып келиши керектигин кошумчалады.
SEREP MEDIA