Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирүү жасап, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген. Мындан улам, “Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, бул туурасында маек курду.
«Эки тарап тең уттурган жок. Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо, ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө, бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду. Эми мындан ары чыр чатак чыкпайт. Түбөлүк тынчтык, ынтымак орнойт», — деди төрага.