Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугат.
«Бүгүн Министрлер кабинетинин башчысы келет, аны менен парламентте өкмөттүк саат өткөрүүнү сүйлөшөбүз. Биз бул жумага пландаганбыз, бирок өзүңөр билесиңер, эртең коңшу өлкөнүн президенти келет. Жыйынга Министрлер кабинетинин көптөгөн мүчөлөрү катышат», — деди төрага 25-январда парламенттин жыйынында.